Мэрия ар бирин 9000 сомго сатып алган көчөттөрдү көрсөттү. Сүрөттөр

Шаар бийлиги журналисттерге чет өлкөдөн алып келинген кымбат көчөттөрдү көрсөттү.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы ЖМК өкүлдөрү үчүн "Зеленстрой" ишканасынын аймагына пресс-тур уюштурду.

Муниципалдык ишкананын жетекчиси Алымжан Усубакунов журналисттерге баарын көрсөтүп, түшүндүрүп берди.

1 / 5
Бишкек мэриясы ЖМК өкүлдөрү үчүн "Зеленстрой" ишканасынын аймагына пресс-тур уюштурду.
2 / 5
Муниципалдык ишкананын жетекчиси Алымжан Усубакунов журналисттерге баарын көрсөтүп, түшүндүрүп берди.
3 / 5
"Зеленстрой" чет өлкөдөн 13 миллион 763 миң сомго көчөттүн алты түрүн сатып алган.
4 / 5
Усубакунов көчөттүн баары жашап кеткенин, бирок азырынча гүлдөй электигин айтты.
5 / 5
Мэр Албек Ибраимов бул боюнча үн ката элек.

"Зеленстрой" чет өлкөдөн 13 миллион 763 миң сомго көчөттүн алты түрүн сатып алган.

— майда жалбырактуу липа — 3 636 000 сомго 400 көчөт (бир даанасы 9 090 сом);

— зараң — 2 727 000 сомго 300 көчөт (бир даанасы 9 090 сом);

— каштан — 1 818 000 сомго 200 көчөт (бир даанасы 9 090 сом);

— чынар терек — 3 636 000 сомго 400 көчөт (бир даанасы 9 090 сом);

— декоративдик алма багы — 485 000 сомго 100 көчөт (бир даанасы 4 850 сом);

— четин — 1 461 000 сомго 300 көчөт (бир даанасы 4 870 сом).

Усубакунов көчөттүн баары жашап кеткенин, бирок азырынча гүлдөй электигин айтты.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары ушундай эле көчөттөр республиканын токой чарбасында канча турарын иликтеп чыккан. Мэр Албек Ибраимов бул боюнча үн ката элек.