Быйылкы Көчмөндөр оюндарына канча акча сарпталары айтылды

Учурда парламенттик оппозиция болгон "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өкмөттүн 2017-жылы жасаган иши боюнча отчетун угууда.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Быйыл күздө өтө турган Көчмөндөр оюндарына республикалык бюджеттен 316 миллион сом бөлүнгөнүн Финансы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңеште билдирди.

Эскерте кетсек, учурда парламенттик оппозиция болгон "Ата Мекен", "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары өкмөттүн 2017-жылы жасаган иши боюнча отчетун угууда.

Көчмөндөр оюндарына сарпталчу каражат тууралуу депутат Айсулуу Мамашова суроо узатты. Эл өкүлү Чолпон-Атадагы ат майданын оңдоого кетти делген 10 миллион сомдун тагдырына да кызыкты.

"Жалпы жонунан бюджеттен 316 миллион сом бөлүнгөн. Бул акчадан ипподромго эч кандай каражат берилген эмес", — деди Касымалиев.

Парламенттик оппозиция өкмөттүн отчетун угууда. Учурда эмне болуп жатат
Премьер-министр Сапар Исаков министрдин айтканын тастыктап, ипподромду өз калыбында кармап турууга 10 миллион сом жумшаларын белгиледи.

Өкмөт башчы оюндарга "Центерра голд компани" компаниясы башкы демөөрчү болуп, 750 миң доллар бөлгөнүн кошумчалады. Исаков ошондой эле бюджетке оорчулук келтирбөө үчүн башка демөөрчүлөрдөн да жардам келип жактанын, учурда 1 миллион доллар чогулганын айтты.

Белгилей кетсек, Көчмөндөр оюндары 2-8-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдүн жэээгинде өтөт.

Sputnik Кыргызстан жыйындан тексттик трансляция жүргүзүүдө.