Эркиндик проспектисине кызыл брусчатка төшөлүп жатат. Сүрөт

"Тазалык" ишканасынын жумушчулары бульвардын борбордук бөлүгүн жаңылоодо.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Эркиндик проспектисинин эл басчу жерине кызыл брусчатка төшөлүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева кабарлады.

Анын айтымында, оңдоп-жаңылоо иштери Чүй проспектиси менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда жүрүүдө.

1 / 4
Борбор калаадагы Эркиндик проспектисинин эл басчу жерине кызыл брусчатка төшөлүп жатат
2 / 4
Оңдоп-жаңылоо иштери Чүй проспектиси менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда жүрүүдө.
3 / 4
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери калаа тургундарынан сагыздарды жолго таштабоону суранып, аны тазалоо кыйын экенин эскертип кетишкен.
4 / 4
Эске салсак, аталган проспектинин бир бөлүгүндө да учурда ремонт иштери жүрүүдө.

"Мындай брусчатка бульвардын аягына чейин жасалат. Андан тышкары, эс алуучу жайга жаңы отургуч жана таштанды салуучу челектер орнотулат", — деди Каракеева.