БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын 140 жылдык мааракесине карата көк бөрү боюнча турнир өткөрүлөт. Бул туурасында Көк бөрү федерациянын маалымат кызматы билдирди.
Мелдеш 22-28-апрель күндөрү борбор калаадагы "Ак кула" ат майданында болот. Анда "Сары-Өзөн", "Келечек", "Кара-Балта", "Арашан", Төш-Булак", "Четинди", "Көк-Жал", "Аафият", "Эмгек-Талаа", "Долон", "Кеңешбек-Ата", "Бакубат Талас" (мурунку "Мурас") командалары күч сынашат.
Оюндардын графиги төмөндөгүчө:
22-24-апрель — топтук оюндар;
25-апрель — дем алыш;
26-апрель — жарым финалдык оюндар;
27-апрель — 3-4 орун үчүн беттеш;
28-апрель — финалдык оюн.
Жалпы байге фондусу 500 миң сом. Көрүүчүлөргө кирүү акысыз.