Sputnik Кыргызстан жана Бишкек мэриясы шаардын 140 жылдыгына карата фотокөргөзмө ачты

Көргөзмө эки бөлүктөн турат. Биринчисинде шаардын архивдик, ал эми экинчи бөлүгүндө азыркы сүрөттөрү жайгаштырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. Sputnik маалымат кызматы — Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу Бишкек мэриясы менен биргеликте борбор калаанын 140 жылдыгына арналган "Сүйүктүү шаарыбыз кечээ жана бүгүн" деп аталган сүрөткөргөзмө ачты.

1 / 4
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу Бишкек мэриясы менен биргеликте борбор калаанын 140 жылдыгына арналган "Сүйүктүү шаарыбыз кечээ жана бүгүн" деп аталган сүрөткөргөзмө ачты
2 / 4
Көргөзмө эки бөлүктөн турат
3 / 4
Биринчисинде 1950-1980-жылдардагы архивдик сүрөттөр киргизилген
4 / 4
Андан совет учурунда салынган имараттарды көрүүгө болот. Экинчи бөлүктө ошол эле объектилердин азыркы абалын Sputnik Кыргызстандын фото кабарчысы Табылды Кадырбековдун сүрөттөрү көрсөтүп турат.

Көргөзмө эки бөлүктөн турат. Биринчисинде 1950-1980-жылдардагы архивдик сүрөттөр киргизилген. Андан совет учурунда салынган имараттарды көрүүгө болот. Экинчи бөлүктө ошол эле объектилердин азыркы абалын Sputnik Кыргызстандын фото кабарчысы Табылды Кадырбековдун сүрөттөрү көрсөтүп турат.

Sputnik Кыргызстандын жетекчиси Елена Череменина бул долбоордун маани-маңызына токтолду.

"Быйыл 29-апрелде шаардыктар Бишкектин 140 жылдыгын белгилейт. Борбор калаабыздын өзгөчөлүгү тарыхый имараттарда, эстеликтерде, скверлерде, гүлбактарда жана көчөлөрдө. Биздин долбоор жаштарга шаардын көрүнүшү жарым кылым кандай болгондугун, ал эми улгайып бара жаткандарга өзүнүн жаштыгын эстөөгө жакшы мүмкүнчүлүк тартуулайт. Бул кызматташуу үчүн мэрияга ыраазылыгыбызды билдиребиз", — деди Череменина.

Исаков Sputnik агенттигинин журналисттерин "Сынган кылыч" долбоору үчүн сыйлады
Кыргызстандын медиа айдыңында Sputnik Кыргызстан ишин 2014-жылдын декабрь айында баштаган. Ал кыргыз жана орус тилдеринде иш алып барып барат, агенттиктен сырткары радио жана жогорку технология менен камсыздалган мультимедиалык маалымат борбору бар. Sputnik Кыргызстандын жаңылыктар порталы өлкөдөгү алдыңкы орунда турган интернет-ЖМКлардын сап башында турат.

Sputnik Кыргызстан – ондогон өлкөдө жайгашкан мультимедиалык маалымат хабдары бар маалымат агенттигинин жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik өзүнө 30 тилден ашуун жазылган сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, мобилдик тиркеме жана социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Sputnik агенттигинин жаңылык түрмөгү күнү-түнү араб, англис, испан жана кытай тилдеринде жарык көрөт.

* LiveInternet 2018-жылдын март айына чыгарган бүтүмдөрүнө ылайык.