Бишкек мэриясы эки жылдан кийин көчөт отургузбай турган болду

Шаардык кызматтар жакынкы аралыкта көчөт сатып алуу муктаждыгы жоюларын жар салды
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Мэриянын алдындагы "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасы өзүнүн көчөттөрүн өстүрүп жатат. Мындан улам эки жылдан кийин көчөт сатып алууга муктаждык болбойт. Бул тууралуу аталган ишкананын агроному Элнура Жолжошева билдирди.

Анын айтымында, борбор калаанын түндүгүндө 28 гектарга жеткен муниципалдык өсүмдүк өстүрүүчү жай бар. Шаардык кызматтардын кызматкерлери ал жерге 10 миңге жакын көчөт отургузган.

1 / 3
Мэриянын алдындагы "Жашыл чарба" муниципалдык ишканасы өзүнүн көчөттөрүн өстүрүп жатат.
2 / 3
Мындан улам эки жылдан кийин көчөт сатып алууга муктаждык болбойт.
3 / 3
Борбор калаанын түндүгүндө 28 гектарга жеткен муниципалдык өсүмдүк өстүрүүчү жай бар

"Эки жылдан кийин көчөт сатып алуудан толугу менен баш тартабыз. Себеби өзүбүз зараң, каштан, эмен, терек, тал жана башка дарактардын көчөтүн өстүрүп жатабыз", — деди Жолжошева.

Учурда Бишкекке үч миңге жакын күчөт отургузулду. Алардын бардыгы тендер аркылуу сатып алынган.