Арменияда "Баркыт революциясы" башталганын жар салышты

Оппозиция экс-президент Саргсяндын премьер-министр болушуна каршы болууда.
Sputnik

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Армениянын мурдагы президенти Серж Саргсяндын өкмөт башчы болуусуна каршы акцияны уюштурган оппозициялык маанайдагы депутат Никол Пашинян "Баркыт революциясы" башталып жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. 

Митинг өтүп жаткан "Франция" аянтына үч миңдей адам чогулду. Депутаттын айтымында, анын тарапташтары мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн токтотуп коюуга ниеттенип жатат.

Кыргызстандагы "Жоогазын революциясы". 13 жыл мурдагы сүрөттөр
Учурда Армения парламентинде Саргсянды өкмөт башчы кылып дайындоо боюнча маселе каралууда.

Эске салсак, 16-апрелде Серж Саргсяндын өкмөт башчысы болуп келүүсүнө каршы чыккан эл нааразычылык акциясын баштаган. Бир нече саат ичинде Еревандын борбордук көчөлөрү буулуп, метронун иши үзгүлтүккө учураган.

Пашинян Армениянын Европа тарапка ыктап өсүшүн каалаган саясатчы болсо, Саргсян ЕАЭБге "баш иет". Депутат өз тарапташтарын күч колдонбой туруп, көчөлөрдү бууп, мамлекеттик органдардын ичине чейин кирип барууга чакырып жатат.