БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Анкара эгер Сириядагы абалга пайдасы тие турган болсо Россия жана Иран менен кызматташуудан баш тартпайт. Бул туурасында Түркиянын вице-премьери Бекир Боздаг билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Франция президенти Эммануэль Макрон ишемби күнү АКШ баштаган үч мамлекеттин Сирияга жасаган чабуулу Россия менен Түркияны экиге бөлүп салды деген. Бул билдирүүгө Россия өзүнүн реакциясын билдирип, айыптап чыккан.
Макрондун айтканына Түркиянын өкмөт башчысы төмөнкүчө комментарий жасаган.
"Биздин саясат туура иштер үчүн жасалууда. Андан улам алака кылып, иш алып бара турган мамлекеттерди тандайбыз. Ким чындык тарапта болсо, биз да ошол жактабыз. Эгерде Сирия боюнча саясатыбызга туура келсе, биз АКШ, ошону менен катар эле Иран жана Россия менен биргеликте аракеттенебиз", — деген Боздаг NTV каналында сүйлөп жатып.
Боздаг Түркиянын Сирия жаатында жүргүзгөн саясаты өз алдынча экендигин, ал АКШ, Россия жана Ирандыкынан айырмаланарын айткан.
Белгилей кетсек, 14-апрелдин таңында, Бишкек убактысы боюнча 15-апрелде эртең мененки саат жетиде АКШ баш болуп Улуу Британия, Франция абадан Сирияга чабуул койду. Батыш коалициясы бутага "химиялык куралдарды жасаган жана изилдеген борбору" алынганын айтты. Үч өлкө жүздөн ашуун канаттуу жана "аба-жер" деп аталган ракеталарды учурган.