Оштун көркүн ак кайың, карагай жана роза гүлдөрү ачат. Сүрөттөр

Буга чейин шаарды көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча үч айлык жарыяланган
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ош шаарынын Жапалак айылына Тянь-Шань карагайы, ак кайың жана кызыл карагайдын көчөттөрү отургузулуп, 1000ден ашуун көп жылдык роза гүлү тигилди. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

1 / 3
Ош шаарынын Жапалак айылына Тянь-Шань карагайы, ак кайың жана кызыл карагайдын көчөттөрү отургузулуп, 1000ден ашуун көп жылдык роза гүлү тигилди.
2 / 3
Эскерте кетсек, буга чейин шаарды көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча үч айлык жарыяланган.
3 / 3
Жогорудагы иш-чара дал ушул үч айлыктын негизинде ишке ашты.

Эскерте кетсек, буга чейин шаарды көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча үч айлык жарыяланган. Жогорудагы иш-чара дал ушул үч айлыктын негизинде ишке ашты.

Бак отургузууга шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев, жергиликтүү тургундар катышты.