Окумуштуулар үй-бүлөлүк бактылуу турмуштун сырын ачышты

Изилдөөчүлөр экспериментке 24 жаштан 89 жашка чейинки үч миңден ашык кишини тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Американын Жоржия университетинин окумуштуулары бактылуу үй-бүлөлүк турмуштун сырын ачышты. Алардын изилдөөсү Social Science Research илимий журналына жарыяланган.

Конспирологдор акыр заман качан болорун боолголошту
Ага ылайык, орточо айлык алган жуптар башкаларга салыштырмалуу бактылуу жашайт. Мындай жыйынтык чыгаруу үчүн окумуштуулар 24 жаштан 89 жашка чейинки 3,5 миң кишини сурамжылоого алышкан. Алар бойдоктор, жаш жубайлар жана көп жылдан бери чогуу жашагандар деп тайпаларга бөлүнгөн.

Изилдөөдө окумуштуулар орточо айлык алган жуптар башкаларга салыштырмалуу бактылуу жана мамилеси чың болорун аныкташкан. Мындай үй-бүлөлөр бири-бирине кам көрүп, тапкан айлыгын чогуу-чаран бөлүштүрүшөт.

Ошондой эле жалгыз бой жашагандар мамиле куруп жүргөндөргө караганда депрессияга көп түшөрү белгилүү болгон.