Нарындагы коомдук жайлар менен базарларда өрткө каршы машыгуулар өттү

Мындай машыгуулар апрель айында аймактагы бардык социалдык объектилерде өтөт
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Нарын шаарындагы бир катар социалдык имараттар менен коомдук жайларда өрттүн алдын алуу жана өрт учурунда эмне кылуу керектиги боюнча атайын машыгуу өттү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, машыгуу Нарын мамлекеттик университетинде, Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында, Нарын шаарынын №8 Арстанбек Буйлаш атындагы орто мектебинде жана "Мегакомфорт", "Он-Арча", "Кадыр-Ата" базарларында болду.

1 / 4
Нарын шаарындагы бир катар социалдык имараттар менен коомдук жайларда өрттүн алдын алуу жана өрт учурунда эмне кылуу керектиги боюнча атайын машыгуу өттү
2 / 4
Ага ылайык, машыгуу Нарын мамлекеттик университетинде, Муратбек Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында, Нарын шаарынын №8 Арстанбек Буйлаш атындагы орто мектебинде жана "Мегакомфорт", "Он-Арча", "Кадыр-Ата" базарларында болду.
3 / 4
Өрт тактикалык машыгуу Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулуп, эки өрт өчүрүүчү жана бир авариялык куткаруу автотехникасы жана өздүк курам толугу менен тартылган.
4 / 4
Мындай машыгуулар апрель айынын ичинде Нарын шаарынын жана Нарын районунун аймагындагы бардык окуу жайларда, оюн-зоок, базар комплекстеринде жана социалдык объектилеринде өтөт.