Москвада КР жараны бир сумка акчасын 40 секундда карактатты. Окуянын чоо-жайы

Жолтандабас Кыргызстандын номери тагылган унаанын артынан кууп жетип, терезелерин талкалап, бир сумка акчасын карактап кетишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Москвада белгисиз үч киши Кыргызстандын номери тагылган жеңил унааны жүрүп бараткан жеринен токтотуп, карактап кеткен окуянын чоо-жайы туурасында маалымат берди.

Буга чейин интернетте тараган видеодон Кыргызстандын номери тагылган унаанын артынан жолтандабас кууп келип, ичинен үч эркек киши түшкөнүн көрүүгө болот. Алардын экөө колуна таяк, бирөөсү тапанча кармап унаанын терезесин талкалай баштайт. Тапанча кармаган киши унаадан эки адамды сыртка тартып чыгат, ошол замат берки экөө ичинен бир сумканы алат да, өздөрүнүн унаасына отурган бойдон кетишет. 

Москвада куралчандар КР номерлүү унааны 40 секундда карактап кетти. Видео

Маалыматка ылайык, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү окуя 11-апрелде Москва шаарынын Люблино жана Капотня районунун ортосундагы аймакта болгонун тастыктаган.

"Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында жабырлануучу 31 жаштагы Талас облусунда туулган Г.Р. аттуу жаран экени аныкталды. Ал соода борбордо соодагердин жардамчысы болуп иштечү. Окуя болгон күнү Кыргызстандын номери тагылган Mercedes-Benz унаасы менен бара жаткан. Ал 12-апрель күнү арыз жазып, 7,8 миллион рубль өлчөмүндөгү акчасын карактап кетишкенин айткан", — деп жазылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча Люблино райондук милициясынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Кылмышкерлер кармала элек.

Учурда КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү Россия ИИМинин аймактык Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте кылмышка тиешеси барларды издеп жатат.