12 капчык, 4 күбөлүк... Маршруткадагы уурулукка шектелип эки бала кармалды

Алар уурулук боюнча 15 ишке шектелип, анын сегизи боюнча иш козголду.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте маршрута жүргүнчүлөрүн жашыруун тоноого шектелип, 18 жана 24 жаштагы эки бала кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

13-апрель күнү милицияга шаар тургуну коомдук транспорттон 18 миң сом салынган капчыгын уурдатып ийгенин айтып, арыз жазган. 

Задержаны подозреваемые в серии карманных краж, совершенных в маршрутках

Мындан улам Биринчи Май райондук ИИБинин ыкчам-иликтөө тобу 18 жана 24 жаштагы эки баланы шектелүүчү катары колго түшүрдү.

"Кармалган маалда алардан бир чакан сумка, 12 намыян, алты айдоочулук күбөлүк, төрт кызматтык күбөлүк, тогуз даана банк картасы, үч уюлдук телефон, алты генералдык ишеним кат, үч сим-карта жана бир маска табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда алар уурулук боюнча 15 ишке шектелип, анын сегизине Кылмыш жана жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) менен иш козголду.