Борбор калаада грэпплинг боюнча өлкөнүн мыкты балбандары аныкталат

Мелдеште 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар беш салмактык категория арасында күч сынашат
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкекте грэпплингдин ADCC версиясы боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Өлкөнүн №1 волейболчусу Оңолбек: апам боюмдун кичинелигине аябай тынчсызданчу
Маалыматка ылайык, мелдеш 29-апрель күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уюштурулат. Анда өлкө аймагынан чогулган 18 жаштан жогорку курактагы спортчулар беш салмактык категория арасында ат салышат.

Спорттук иш-чарага жүздөн ашык балбан катышып, соңунда мыктылары өлкөнүн курама командасына тандалат.