Кыргызстандын чек арачыларынын төшүнө видео каттагыч тагыла баштады

Видеого тартылган жазылма териштирүү учурунда далил катары колдонулат
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргыз-өзбек "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетиндеги чек арачылардын төшүнө видео каттагычтар тагылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашты.

Билдирмеге караганда, чек арачылардын төшүнүн оң жагына тагылган видео каттагыч үндү кошо жазат. 

Пункт пропуска "Достук-автодорожный"

"Жабдуу чек араны кесип өткөн жарандарга жакшы шарт түзүп, коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүгө багытталган", — деп Чек ара кызматынын Ош облусундагы башкармалыгынын начальниги, полковник Рустам Жуматаев билдирди.

Пункт пропуска "Достук-автодорожный"
Ал ошондой эле чек арада талаштуу жагдайлар жаралып калса, териштирүү учурунда видео каттагычтагы жазылмалар далил катары колдонуларын кошумчалады.

Келечекте Жалал-Абад облусундагы "Маданият" көзөмөл өткөрүү бекетинин чек арачыларына да видео каттагычтарды тагуу пландалып жатат.