Озерное айылында жол тандабастардын эки күнгө созулган эл аралык мелдеши өттү.
Уюштуруучулар шаардыктар үчүн өзгөчө шоу-программа даярдашып, иш-чара өткөн жерге чатырлар тигилип, катышуучулар үчүн шарттар каралган.
Жарышка Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан келген 70тей айдоочу катышты.
Иш-чара ушуну менен 10-жолу катары менен өткөрүлүүдө.