Атамбаев КСДП депутаттары менен "Ала-Арча" резиденциясында жолугушууда

Анда козголгон маселелер тууралуу толук маалымат жыйындан кийин берилет
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, дүйшөмбүдө, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары менен жолугушат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фракциянын катчылыгынан тастыкташты.

"Учурда жолугушуу башталганы жатат. Ал жерде катардагы маселелер тууралуу кеп болот. Кошумча маалымат жыйын аяктагандан кийин берилмекчи", — деп айтылат билдирүүдө.

Кытай башчысы Си Цзиньпин менен жолуккан Атамбаев эмне тууралуу сүйлөштү
Маалыматка караганда, партия лидери менен эл өкүлдөрүнүн жолугушуусу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөрүлүп жатат.

Эске салсак, 31-март күнү КСДПнын кезектеги съезди болуп, анда экс-президент партия лидери болуп шайланган.