Ниязовдун кетиши, Жээнбековдун кадамы. Атамбаев КСДПчылар менен эмнени сүйлөштү

Дүйшөмбү күнү экс-президент КСДП фракциясынын депутаттары менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жолукту.
Sputnik

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин КСДП фракциясынын депутаттары менен болгон жолугушуусунда партиянын 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдыгы, төрага орун басары Фарид Ниязовдун партиялык иштерден четтеши жөнүндө маселелер козголду. Бул тууралуу КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Ниязовду учурдагы ээлеген ордунан кетирүү боюнча чечимди жакын арада КСДПнын саясий кеңеши кабыл алат.

"Мындан ары Фарид Ниязов "Апрель" коомдук, кайрымдуулук фондусуна жетекчи катары барары айтылды. Бирок акыркы чечимди саясий кеңеш кабыл алат. Ал эми шайлоого даярдык тууралуу айтсам, 2020-жылкы депутаттык шайлоого партиянын программаларын эмитен иштеп чыгуу сунушталды", — деди Момбеков.

Кытай башчысы Си Цзиньпин менен жолуккан Атамбаев эмне тууралуу сүйлөштү
Мындан тышкары, депутат экс-президент азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун саясий кадамдары, багыттары жана өкмөттүн иши тууралуу өз пикирин айтканын кошумчалады.

Ошондой эле ушул сыяктуу жолугушуулар мындан ары маал-маалы менен болуп, келеркисинде партиянын төрага орун басарларын шайлоо боюнча сунуштар каралары айтылды.

Эске салсак, дүйшөмбү күнү экс-президент КСДП фракциясынын депутаттары менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жолуккан.