Sputnik Белоруссия агенттиги жарыялаган видеодо көрүнүп тургандай, эс алуучулар акула менен кошо бейкапар сууда сүзүп жүрүшөт.
Маалым болгондой мындай акуланын адамдарга зыяны жок, көбүнчө ал планктон (балыктын жумуртка, клеткалары) менен курсагын тойгузат.
Видеонун автору да деңиздин алп жаныбары менен сууга сүзгөнүн кошумчалап кеткен.
Кит-акуласы эң чоң балык деп эсептелет. Анын узундугу 12,5 метрге жетет. Акулалар ар жылы кыш мезгили башталганда ушул районго сүзүп келип, кайра жайдын башталышында башка жакка кетет.
Акуланын баары эле ушундай болсо кана? Багам аралдарында сууга түшүп жаткан жеткинчек төрт акулага жем болуп кала жаздаган.