ЖККУнун туруктуу кеңеши Сирияга болгон авиа соккуларды сындады

Ишемби күнү ЖККУнун башкы катчысы Юрий Хачатуров жана Россиянын демилгеси менен уюмдун туруктуу кеңешинин чукул жыйыны болду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Сириянын аймагына жасалган авиа соккулар боюнча билдирүү таратты.

Ишемби күнү ЖККУнун башкы катчысы Юрий Хачатуров жана Россиянын демилгеси менен уюмдун туруктуу кеңешинин чукул жыйыны болду.

АКШ Сирияга эмнеге кол салганын айтты... 100 ракета, 6 жай жаран
ЖККУнун туруктуу кеңеши АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн Сирияга болгон ракеталык соккуларын сындап, бул аракеттер эл аралык укуктун нормаларын жана принциптерин бузат деп билдирди.

Андан тышкары, мындай соккулар Сириядагы террордук коркунучтарды жоюп, өлкө ичиндеги жаңжалды саясий-дипломатиялык жол менен оңдоого болгон аракеттерге кедергисин тийгизип жатканы билдирүүдө айтылат.

ЖККУнун туруктуу кеңеши Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин дүйнөдө коопсуздукту сактоого бардык аракеттерин көрүүгө чакырат.

ЖККУга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирет.

Сенатор Кейн: Трамп бүгүн Сирия, эртең Иран десе эмне болот? Пикирлер
Белгилей кетсек, 14-апрелдин таңында, Бишкек убактысы боюнча 15-апрелде эртең менеки саат жетиде АКШ баш болуп Улуу Британия, Франция абадан Сирияга чабуул койду. Батыш коалициясы бутага "химиялык куралдарды жасаган жана изилдеген борбору" алынганын айтты. Үч өлкө жүздөн ашуун канаттуу жана "аба-жер" деп аталган ракеталарды учурган. РФтин Коргоо министрлиги алардын көбүнүн мизи кайтарылып, мээлеген жерине түшпөй калгандыгын билдирди. Сириянын абадан коргонуу боюнча күчтөрү кол салгандарга каршы мындан 30 жыл мурда Советтер Союзунда жасаган куралдарды колдонгондугу маалымдалды.

Буга кошумча үч мамлекеттин Сирияга болгон чабуулунун алгачкы видео, сүрөттөрү чыкты.