"Россия сулуусу" делип 18 жаштагы бийкеч табылды. Көз талдырган сүрөттөр

Sputnik

Чувашиядан келген Юлия Полячихина "Россия сулуусу — 2018" конкурсун жеңип алды.

Кыргызстандык үч балалуу келин дүйнө сулуусу деп табылды. Сүрөттөр
Ага ак алтындан жасалып, асыл таштар менен кооздолгон таажы кийгизишти. Андан тышкары, үч миллион рубль менен автоунаа дагы белекке берилди.

18 жаштагы Юлия Полячихина фитнес-аэробика жана бадминтон менен машыгат.

Ал эми биринчи вице-мисс делип Виолетта Тюркина табылды. Экинчи вице-мисс — Наталья Строева болсо, SMS добуш берүүдө Норгьянму Монгуш жеңүүчү болду.

Калыстардын катарында "Дүйнө сулуусу — 2008" конкурсунун жеңүүчүсү Ксения Сухинова, дизайнер Игорь Чапурин, ырчы Дмитрий Маликов, композитор Владимир Матецкий жана Большой театрынын бийчиси Денис Родькин.

1 / 15
Финалга чыккандар даярдык көрүүдө
2 / 15
Иш чара "Барвиха" концерт залында өттү
3 / 15
Салтанатты DJ Love Radio Максим Привалов менен телеалып баруучу Вера Красова алып барды
4 / 15
Катышуучулар бикини конкурсунда
5 / 15
Жеңүүчүлөр эл аралык конкурстарга катышууга жолдомо алат
6 / 15
Жүзүнө жылмаюу уялаган кыздар
7 / 15
Калыстардын баасын күтүп...
8 / 15
Калыстар кече көйнөктөрдү да баалашты
9 / 15
Конкурстан бир көз ирмем
10 / 15
"Россия сулуусу — 2017" конкурсунун жеңүүчүсү Полина Попова
11 / 15
Биринчи вице-мисс Виолетта Тюркина
12 / 15
Экинчи-вице-мисс Наталья Строева Якутиядан келген
13 / 15
Таажы кийгизүү учуру
14 / 15
"Россия сулуусу — 2018" конкурсунун жеңүүчүсү Юлия Полячихина (Чувашия)
15 / 15
Кубаныч, шаң жана күлкү