Радио

Сыдыгалиев: мени "Ак кемедеги" Нургазы дешип азыр деле көчөдөн таанып калышат

"Ак кеме" тасмасындагы кичинекей Нургазынын ролун жараткан актёр Нургазы Сыдыгалиев аталган тасмага 6 жашында миң баланын ичинен тандалып алынганын айтты.
Sputnik
Сыдыгалиев: мени "Ак кемедеги" Нургазы дешип азыр деле көчөдөн таанып калышат

Мени "Ак кемедеги" Нургазы дешип азыр деле көчөдөн таанып каалышат. Бул тууралуу Нургазы Сыдыгалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тасмада кандай болсо жашоодо деле ошондой шок бала болгон.

"Апам мени 4 жашымда бий куржогуна берип койгон. Анткени абдан шок элем. Бир ордумда тура албай эле секирип, чуркап жүрчүмүн. Өзүмө да улуттук бийлерди бийлеген жакчу. Чоңойгондо деле бийчи болом го деп ойлочумун. Бирок алты жашымда апам киного жаш бала керек дегенин угуп, мени кино студияга алып барган экен. Барганда камерадан муну карайм, тигини карайм деп аябай шоктук кылыптырмын. Тартуучу топтогулар "Бул ушул жерде эле тентектик кылып жатат, киного тартсак бардык техникаларды талкалайт" дешкен экен. Ага карабастан режиссёр Болот Шамшиев миңден ашык баланын ичинен мени тандаган", – деди Сыдыгалиев.

Ал азыркы кезде улуу муундун өкүлдөрү көчөдөн таанып каларын кошумчалады.