Сузакта таш жүктөп бараткан унаа оодарылып, жүргүнчү оор жаракат алды. Сүрөт

Окуя 14-апрелде саат 16:50 чамасында Сузак районунда болгон.
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 14-апр. — Sputnik. Ош—Бишкек жолунда таш жүктөп бараткан Volvo FH —12 унаасы аңтарылып кетип, жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын ага инспектору Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

1 / 3
Ош—Бишкек жолунда таш жүктөп бараткан Volvo FH —12 унаасы аңтарылып кетип, жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилди
2 / 3
Окуя 14-апрель күнү саат 16:50 чамасында Сузак районунун Барпы айылында болгон
3 / 3
Кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу жеңил жарат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Анын айтымында, окуя 14-апрель күнү саат 16:50 чамасында Сузак районунун Барпы айылында болгон. 

“30 жаштагы Нарын облусунун тургуну Volvo FH-12 үлгүсүндөгү унаага 25 тонна таш жүктөп, Өзгөн районунан Бишкек шаары көздөй бараткан. Ош — Бишкек жолунун 584-чакырымына келгенде айдоочу руль башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен ичиндеги 44 жаштагы жүргүнчү оор жаракат алып, Жалал–Абад шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда ал оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кырсыктын кесепетинен ичиндеги 44 жаштагы жүргүнчү киши оор жаракат алган. Аны Сузак райондук ЖКККБнын кызматкерлери Жалал–Абад шаардык ооруканасына жеткирген.”, — деди Сатыбалдиев.

Ал эми кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу жеңил жарат алып, медициналык жардам көрсөтүлгөн.