АКШ президенти Трамп Сирияга сокку уруу боюнча буйрук берди

Трамп Франция жана Улуу Британиянын куралдуу күчтөрү менен биргеликте аскердик операцияларды баштагандыгын айтты
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. – Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Сирия аймагына сокку уруу боюнча буйрук берди. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

"Бир нече убакыт мурда АКШнын куралдуу күчтөрүнө сириялык диктатор Башар Асаддын химиялык куралдарынан улам так багыттар боюнча сокку урууну тапшырдым", — деп айтты Трамп.

Ал Франция жана Улуу Британиянын куралдуу күчтөрү менен биргеликте аскердик операцияларды баштагандыгын жана аларга ыраазы экендигин билдирген.