Россия Сирия боюнча ЖККУнун туруктуу кеңешин шашылыш жыйынга чакырды

Туруктуу кеңеш уюмга мүчө өлкөлөрдүн элчилеринин деңгээлинде чогулат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия Сирия боюнча Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) туруктуу кеңешин шашылыш жыйынга чакырганын РИА Новости жазды. 

Туруктуу кеңеш уюмга мүчө өлкөлөрдүн элчилеринин деңгээлинде чогулат.

"Бүгүн Сирия Араб Республикасынын айланасындагы абал боюнча Россиянын демилгеси менен ЖККУнун туруктуу кеңешин шашылыш отурумга чакырууда", — деп айтылат маалыматта.

Жыйынга уюмдун башкы катчысы Юрий Хачатуровдун катышуусу күтүлүүдө.

ЖККУга Кыргызстан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстан мүчө.

Сенатор Кейн: Трамп бүгүн Сирия, эртең Иран десе эмне болот? Пикирлер
14-апрелдин таңында АКШ, Улуу Британия жана Франциянын куралдуу күчтөрү Сириядагы объектилерге абадан сокку урган. Жалпысынан 103 ракета чабуул койсо, алардын 32си мелжеген жерине жеткен. Биринчи сокку изилдөө борборуна, экинчиси алар зарин заты сакталып турган деп эсептеген "химиялык куралдардын кампасына" жасалган.

Бир нече жай жаран жаракат алып, ал эми аскерий адамдар жабыркаган эмес.

Бир нече саат мурда Россиянын президенти Владимир Путин жагдай боюнча үн каткан.