Оштун борбордук аянтында 3000ден ашуун адам чуркап күч сынашты

Катышуучулар эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, төрт дистанция менен жарышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ош шаарында жазгы массалык чуркоого 7 жаштан 70 жашка чейинки 3000ден ашуун адам катышты. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 4
Ош шаарында жазгы массалык чуркоого 7 жаштан 70 жашка чейинки 3000ден ашуун адам катышты
2 / 4
Жөө күлүктөрдүн жарышы бүгүн, 14-апрелде, Ош шаарынын борбордук аянтында болуп өттү
3 / 4
Спорттук иш-чаранын ачылышына биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров, Оштогу дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев келди
4 / 4
Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды.

Жөө күлүктөрдүн жарышы бүгүн, 14-апрелде, Ош шаарынын борбордук аянтында болуп өттү. Спорттук иш-чаранын ачылышына биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров, Оштогу дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев келди.

"Катышуучулар эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашты. Анда калаадагы мекеме менен ишканалардын кызматкерлери, жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттык сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери күч сынашты", — деп айтылат маалыматта.

Жеңүүчүлөргө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектер тапшырылды. Иш-чаранын максаты спортту калк арасында жайылтуу болуп саналат.