Оңолбектин жетишкендиктери оголе көп. КРдин волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты спортчу", "Sports Awards-2015" версиясы боюнча "Мыкты волейболчу" аталып, андан сырткары Улуттук лиганын чемпиону, Азиянын аймактык чемпиондугунун "Мыкты оюнчусу", Борбордук аймактын тандоо турунун "Мыкты оюнчусу" (2017). Дүйнө чемпиондугунун II тандоо турунун "Мыкты оюнчусу" (2018) аталган.
Айтор көп ирет мыкты аталган. Ошондой болсо да маектин жүрүшүндө жөнөкөйлүгүн көрсөттү бейм, "ийгиликтерим аз" деп жооп берди.
— Оңолбек, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?
— 1991-жыл 17-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Оттук айылында төрөлгөм. Үй-бүлөбүз чоң. Жети бир туугандын бешинчисимин. Үч байкем, бир эжем, эки иним бар. Атам жеке ишкер, апам үй кожойкеси.
Бардыгыбыз спортко жакынбыз. Атам убагында баскетболду жакшы ойногон, спорт чеберине талапкер. Ал эми апам жеңил атлетика менен машыкчу. Менден улуу агаларымдын баары эле волейбол ойношот, алардын ичинен мыкты ойногону эң улуу агам. Аганы көрүп ини өсөт демекчи, спортко жетелеген ушу киши болду.
— Боюңуз бала кезден эле узунбу?
— Жок. Апам мурда "ушундай кенедей, толук бойдон калып калбасаң экен" деп сарсанаа боло берчү. Акыркы класстарда этимен түшүп, боюм узара баштады. Бул тукумдан болсо керек. Атам жактагылар сөөк-саактуу кишилер, тайларым орто бойлуу.
— Волейболду качан ойноп баштадыңыз?
— Волейболдо бойдун узундугу биринчи кезекте болсо керек?
— Спорт сүйүүчүлөр арасында бойдун узундугу эсепке алынбайт. Профессионалдык оюндарда, албетте, маанилүү. Боюм 196 сантиметр, бирок орто бойлуу оюнчуларга кирем. Көпчүлүктүн арасынан эле узун көрүнсөм керек. Бойлуу балдар көп. Бирок спортко шык, жөндөм, акыл керек.
— Тамашалуу суроо, мартшруткага түшкөндө кыйналбайсызбы?
— Кыйналам. Көп учурда унаа менен жүрөм.
— Таң калгандар көппү?
— Ооба. Дароо эле "волейбол ойнойсуңбу же баскетболбу" деп сурашат.
— Эркек бала болгондон кийин көчөдө пикир келишпеген учурлар болот эмеспи…
— Боюмдун узундугуна караппы, көп деле тийишишпейт.
— Улуттук курама команданын капитанысыз. Жоопкерчилик чоңбу?
— Албетте. Биринчи кезекте ынтымак керек. Көп учурда ушундан кыйналам. Балдар бири-бири менен сый мамиледе болсо экен деп жан үрөйм.
— Маселен жеке кармаштарда утулганда ал спортчунун гана көйгөйү. Командалык оюнда бул көп билинбесе керек?
— Бир кишинин айынан утулуп калган учурлар болот. Мындайда бири-бирибизди күнөөлөбөгөнгө аракет кылабыз. Бир жолу өзүбүздүн эле оюнчулардын бири утулуп калганда ыйлаган.
— Таиланддагы клубда кантип ойноп калгансыз?
— Былтыр волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунун 2-раунду Кыргызстанда болгон. Ошол беттешке Азиянын Волейбол федерациясынын таиланддык өкүлү катышкан. Ал менин оюнумду көрүп, "Эйр Форс" клубунда ойноого чакырды. Ошол учурда ординатурамды өтүп жаткам. Медицинаны тандайын дедим, бир четинен эл-жер көргүм келди. Легионерлерде жоопкерчилик чоң. Бир жыл ичинде Таиланд супер лигасынын чемпиону жана мыкты оюнчусу болууга жетиштим. Келишимим аяктап баратат, мындан ары кандай пландар болору жайында чечилет.
— Бөтөн элге, жерге көнүп кетүү оңой болбосо керек?
— Таиландда батирде жалгыз турам. Бир маал команда менен, эки маал өзүм тамак жасап ичем. Барганда тамагына көнө албай кыйналдым. Каллориясы аз тамактарды жешет экен. Арасында чочконун да эти бар. Анын баары бир ашканада жасалат. Өзүм тандап салдырып же сырттан сатып алчумун. Ал жакта көчө тамактары абдан популярдуу экен. Рикшанын үстүнө газ жабдыктарын коюп алып бышыра беришет. Өзүм үйдө болгондо эт салып жейм. Этти да табуу кыйын. Биринчиден, бодо малдын эти кымбат, экинчиден сулп эмес, даамы жок. Кышында келгенде бул жактан эт, чучук, курут, нан көтөрө кеткем.
— Барганда оюнчуларга ооз тийгизип көрдүңүзбү?
— Ооба, жактырышкан жок.
— Тил жагынан кыйналган жоксузбу?
— Бишкектен англис тилин жөнөкөй сөздөрдү түшүндүргөн деңгээлде окуп кеткем. Легионер спортчулардын көбү мен сыяктуу. Бири-бирибизге жаңсап, сүрөттөп түшүндүрүп жаттык. Жаңы барганда атымды айта албай кыйнала беришчү. Онолбекс, Анол дешчү. Эми эле Онол деп көндүрдүм.
— Элинин кандай өзгөчөлүгүн байкай алдыңыз?
—"Эйр форс" клубу жакшы эле төлөп берсе керек?
— Кудайга шүгүр. Кыргызстанга салыштырмалуу эки-үч эсе көп. Мурда курама командадан төлөнчү эмес. Өзүм тарбияланган клубдан айына 200 доллардан алчумун.
— Оюн учурунда сиз жакшы көргөн ыкма?
— Кээде каршылаш командада бою узун, күчтүү балдар болот. Аларды алдаганга туура келет. Менимче эң жакшы ыкма — акыл.
— Сиздин милдетиңиз кайсы?
— Мен диагоналдык чабуулчу амплуасындамын. Көпчүлүк учурда биринчи зонада экинчи сызыкта чабуул жасайм. Көтөрүп берген топту чабуул менен коштойм.
— Азыр социалдык тармакка катталбаган дээрлик эч ким жок. Сурайын дегеним, күйөрмандар эмне тууралуу көп сурашат?
— Instagram колдонбойм, бирок фан баракчаларым бар. Facebook тармагынан жаш балдар волейболду ойноо боюнча кеңеш сурап жазып калышат.
— Кыздарчы?
— Сүйлөшкөн кызым бар. Окуум ары же бери болсо үйлөнөм. Экөөбүз медициналык окуу жайда бирге окуйбуз
— Өз кесибиңиз менен аз убакыт эмгектенип калдыңыз. Жумуш жактыбы?
— Окуганга караганда иштеген оор экен. Травмотология бөлүмүнө шашылыш түрдө оорулуулар келет. Ар бир мүнөт, секунд баалуу. Стресс боло берчүмүн. Кесибим спортто абдан жардам берет. Кошумча команданын жеке дарыгеримин. Балдарга ар кандай шартта жардам берем. Маселен чоң адамдардын физиологиясы башкача. Жаракат алган жердин калыбына келиши оор.
— Келечекте кесип менен иштейин деген ой барбы?
— Албетте, медицина кызматкери болом деп 8 жыл жүрдүм. Спортто чоң ийгиликтерге жетишип алсам, ак халатымды кием.
— Волейболдун учурдагы абалына баа бересиз?
— Азыр бизде волейболдун деңгээли кудайга шүгүр. Региондордо ышкыбоз, дымагы күчтүү жаштар арбын. Аларга шарт түзүп, финансылык жактан колдоо керек.