Кыргыз драма театры Каракол шаарына конокко барат

Спекталдер Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында кечки саат 18.30 башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргыз улуттук академиялык драма театры 7-12-май күндөрү Каракол шаарына чыгармачылык сапар менен барат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Гастролдун алгачкы күнү Индия элинин улуу эпосунун негизинде сахналаштырылган "Рамаяна" спектакли менен ачылат.

"Мындан тышкары, караколдуктар алты күн ичинде Николай Гогольдун "Үйлөнүү" комедиясын, Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" жана Кайрат Иманалиевдин "Керээз" драмаларын көрө алат", — деп айтылат билдирүүдө.

Спекталдер Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында кечки саат 18.30 башталат.