Оштогу Жапалактын жашоочулары көгүлтүр от менен камсыздалды

Жалпысынан 2021-жылга чейин шаар боюнча 13 560 үйгө газ киргизүү пландаштырылып жатат.
Sputnik

ОШ, 14-апр. – Sputnik. Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургундарына көгүлтүр от берилгенин мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 3
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургундарына көгүлтүр от берилгенин мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты
2 / 3
Билдирмеге ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, "Ошгаз" филиалынын директору Рашид Тагаев башында турган эмгек жамааты жана шаар тургундары катышты
3 / 3
Жалпысынан 2021-жылга чейин шаар боюнча дагы 13560 үйгө газ киргизүү пландаштырылып жатат.

Билдирмеге ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, "Ошгаз" филиалынын директору Рашид Тагаев башында турган эмгек жамааты жана шаар тургундары катышты.

Айтмамат Кадырбаев "Газпром-Кыргызстан" ЖЧКсынын Ош шаарында жүргүзүп жаткан иш-аракеттери алгылыктуу экенин айтып, ыраазычылык билдирди.

"600гө жакын эл жашаган Жапалактагы 100дөй кожолук көгүлтүр от менен камсыздалды. Эскилиги жеткен түтүктөр жаңыртылды. Ошондой эле аталган аймакка караштуу Арек, Орке, Татар, Кеңеш айылдарындагы үч миңге жакын үйгө газ киргизүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан 2021-жылга чейин шаар боюнча дагы 13560 үйгө газ киргизүү пландаштырылып жатат.

Бүгүнкү күндө калаадагы абоненттердин саны 63710го жетти. Буга чейин "Газпром — Кыргызстан" ишканасы жер алдындагы жараксыз болуп калган 24 чакырымдык түтүктү жаңылаган.