Казакстанда аялдардан чыккан алгачкы аскер учкучу өз алдынча аба жиреди

Ардана Ботайды учууга даярдаган эскадрилья командири Самат Мукаев анын жетишкедиктерине кубанып жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Казакстанда аялдар арасынан чыккан алгачкы аскер учкучу, лейтенант Ардана Ботай биринчи жолу өз алдынча учту. Бул тууралуу өлкөнүн Коргонуу министрлигине шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Старший летчик инструктор лейтенант министерства обороны Казахстана Ардана Ботай

"Биз биринчиден, жаш учкучтарды жоопкерчиликке, чыдамкайлыкка жана ар кандай оор кырдаалдарда туура чечим кабыл алууга үйрөтөбүз. Ардана Ботай мойнуна коюлган милдетти толугу менен аткара алды", — деди жаш учкучту даярдаган эскадрилья командири Самат Мукаев.

Анын айтымында, учкучтун алгачкы өз алдынча учуусу анын карьерасында эң маанилүү учурлардын бири.