Түндө Жалал-Абад облусунда да борбордук базар өрттөндү

Өрт 03:17де чектөөгө алынып, ал эми толугу менен 4,5 сааттан кийин өчүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында түндө борбордук базардын аймагында өрт чыккандыгын ӨКМден кабарлашты.

Тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян болгон эмес.

"Өрт түнкү 02:00лер чамасында чыккан. Жалын каптаган жердин жалпы аянты болжол менен 1 344 чарчы метрди түздү", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыкты жоюуга Жалал-Абад облустук жана Сузак районун өрт өчүрүүчүлөрү тартылып, жалпы алты бөлүм жана бир нече бригада катышкан.

Өрт 03:17де чектөөгө алынып, ал эми толугу менен 4,5 сааттан кийин өчүрүлгөн.

Бүгүн таңда Бишкек шаарынын ортосунда жайгашкан "Ош" базарындагы "Береке" комплексинин эки кабаттуу имаратынан да өрт чыкты.