Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча 28 операция жасалды

Трансплантология тармагын өнүктүрүү үчүн жыл сайын 200 миллион сом керектелет.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. 2012-жылдан бери Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча 28 операция жасалган. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы Назира Бейшебаева билдирди.

Гемодиализ боюнча мыйзамсыз иштин чети чыкты. 76 млн. сом кайда кеткен?
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-апрель күнү Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда маалымат жыйын өтүп, трансплантологиянын Кыргызстандагы абалы талкууланды.

Бейшебаеванын айтымында, Кыргызстанда бөйрөк алмаштырууга 300 киши муктаж. Анын 10у гана трансплантологияга каражат таба алса, калганы гемодиализ кызматын пайдаланууга мажбур.

Операцияга акча тапкан бейтаптардын басымдуу бөлүгү аны чет өлкөдөн жасаттырат. Башка мамлекеттерде трансплантологияга 9 миңден 30 миң долларга чейин акча төлөнөт. Дарыгерлер ушундай эле кызматтар Кыргызстанда да жасала турганын айтууда.

"Трансплантология — бизнес, биздикилер чет өлкөгө барып, ири суммада анализ тапшырып, операция жасатып, калыбына келип кайтышат. Ушунун баарын Кыргызстандан деле жасаса болот. Тармакты өнүктүрүү зарыл, мамлекет буга акча салышы кажет", — деди Бейшебаева.

Доктурлар мамлекет трансплантологияны бутуна тургузуу үчүн жыл сайын кеминде 200 миллион сом бөлүп турушу зарыл экенин айтышты. Мындан тышкары, мыйзамда айрым кемчиликтер бар экени белгиленди. Алсак, жергиликтүү ооруканалар орган алмаштыруу үчүн керектүү жабдууларды түз өндүрүүчүлөрдөн эмес, ортомчулардан сатып алууга аргасыз.