Президент менен премьер бир катар жетекчилерди дайындады

Жаңы дайындалгандарды буга чейин Жогорку Кеңештин комитети жактырган болчу
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Мурат Мукамбетов өкмөттүн аппарат жетекчиси – министр, Айнур Абдылдаева юстиция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми өкмөт башчы Сапар Исаков кол койгон буйрукка ылайык, Каныбек Айдаров Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун төрагасы болуп дайындалды.

Индира Жолдубаева Башкы прокурорлуктан алынды
Буга чейин өкмөт аппаратын жетектеп, юстиция министри болчуларды ЖК комитети жактырган.

Мурат Мукамбетов өкмөттүн аппаратында 2003-жылдан бери иштеп, 2012-жылы аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Айнур Абдылдаева буга чейин Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалап келген.

Юстиция министрлигин жетектеп келген Уран Ахметов өз ыктыяры менен 3-апрелде кызматтан бошотулган.

Ал эми өкмөт аппаратынын башчысы Нурханбек Момуналиев да кызматын өз ыктыяры менен 12-мартта тапшырып берген.