Кайрадан өрт. "Ош" базары алоолонгон жалында калды

Тилсиз жоо 13-апрелдин түнүндө катталган
Sputnik

БШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ош" базарында кайтадан өрт чыкты. Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөрдүн билдиришинче, тилсиз жоо тууралуу маалымат таңкы саат 4:30дар чамасында келип түшкөн.

1 / 3
Бишкектеги "Ош" базарында кайтадан өрт чыкты
2 / 3
Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөрдүн билдиришинче, тилсиз жоо тууралуу маалымат таңкы саат 4:30дар чамасында келип түшкөн
3 / 3
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысынын жеринен билдиришинче бул ирет өрт "Береке Гранд" соода борборуна жакын жердеги тазалык каражаттарын сатуучу жайда (Киев менен Кулуев көчөлөрүнүн кесилиши) чыккан.

"Өрт саат 4:00дөр чамасында эле алыстан көрүнүп жаткан. Учурда кырсык болгон жерде сегиз өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат. Милиция аймакты курчоого алды", — деди кабарчы.

Быйыл аталган базарда ушуну менен үчүнчү жолу өрт чыгууда. Биринчи кырсык 30-январда болсо, экинчиси 5-мартта катталган.