Маммүлктүн мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков темир торго киргизилди

Кылмыш ишинин козголушуна Бакиевдердин VIP-шаарчасынын арзан сатылып кетиши негиз болгон
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков тергөө абагына отургузулду. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ИИМден кабарлашты.

11-апрелде милиция Казаковду камакка алган.

Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Исаков Текебаевдин камерасынан видеокөзөмөлдү алып салууну тапшырды
Кылмыш ишин козгоого баштапкы баасы 242 миллион сомду түзгөн Бакиевдердин VIP-шаарчасынын 142 миллион сомго сатылып кетиши себеп болгон.

ИИМ аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304 (кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 307-беренелеринин (менчиктештирүү, салык, бажы жана уруксат лицензиясын берүүдө кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш ишин козгоду.

Казаков эки күн мурда убактылуу кармоочу жайына киргизилген эле.