БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Христиан конспирологдорунун тобу Библияда айтылган маалыматтарга таянуу менен акыр заман качан болорун айтышты. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.
Изилдөөчүлөрдүн бири Дэвид Миддин билдиришинче, Армагеддон күнү 23-апрелге туура келет. Бул күнү Нибиру планетасы пайда болот.
Окумуштуулар Нибиру планетасынын пайда болушу дүйнөдө акылдан айныгандыктын жайылышын айгинелей турганын белгилешти. Ошондой эле үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышы деген жоромол да айтылууда.