Караколдо айдоочу тосмону кыйратып барып бакты сүздү. Кырсыктан бир кыз каза тапты

Окуя 13-апрель түнү болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Каракол шаарында жол кырсыгынан 22 жаштагы кыз каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 13-апрелге караган түнү саат 3.00дөр чамасында болгон.

"Audi-100 үлгүсүндөгү унаа тосмону кыйратып барып бакты сүзгөн. Анын кесепетинен 27 жаштагы айдоочу менен ошол жерден өтүп бараткан 22 жаштагы кыз жабыркаган. Дагы бир кыз көз жумду", — деп айтылат маалыматта.

Ысык-Көл облустук милициясы кырсык болгонун тастыктап, Audi үлгүсүндөгү эки унаа кагышканын тактап берди. Укук коргоо органдары тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталды.

Каза болгон кыздын аты-жөнү такталып жатат.