Кесепеттүү Чернобыль АЭСи туристтер үчүн ачылды

Качандыр бир кезде кесепеттүү жер деп эсептелген аймакка саякаттоо үчүн 2700 гривен (100 доллардын тегереги) төлөйсүз.
Sputnik

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Дүйнөдөгү ири кырсык болгон Чернобыль атомдук станциясынын аймагы жарылуудан 32 жыл өткөндөн кийин туристтер үчүн эшигин ачты. Бул туурасында Россия газетасы жазды.

Сырттан келгендер ЧАЭСтин өнөр жай аянты болгон жерин көрө алышат. Анда негизги курулуштар — авариялык № 4 энергоблоктун алдындагы "Укрытие" деп аталган жайы, андан сырткары ички имараттарга да кирүүгү мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Чернобыль апаатынан кийинки биринчи архивдик кадрлар
Жарылуудан талкаланган жана жабылган саркофакты сырттан карап байкоо салууга болот. Туристтерге жарылуу кандай болгону жана кырсыктын кесепетин кантип жоюшканын чагылдырган макет да тартууланат.

Маалыматта тегерете салынган каналдан Чернобылдын атактуу сом балыктарын көрүп, ал тургай жем берүүгө болору айтылат.

Кырсыктуу жерге саякаттоо үчүн 2700 гривен (100 доллардын тегереги) төлөйсүз.

Каалагандар станциянын сайтына кирип, туристтер үчүн керектүү маалыматтарды алса болору да айтылган.

Мындан 31 жыл мурда Чернобыль АЭСинде болгон жардыруудан улам ал жакка жакын аймакка кирүүгө тыюу салынган.

Дүйнөнүн атом энергетикасындагы эң кайгылуу окуя 1986-жылы 26-апрелде болгон. Атом станциясынын төртүнчү энергоблогунда жарылуу болуп, анын кесепетинен Украина менен Белоруссиянын аймагы жабыркап, миңдеген кишилер ууланган.

Былтыр, 2017-жылдын июнь айында Чернобыль АЭСинин киши кирүүгө тыюу салган аймагында алгачкы мейманкана ачылган.