Якутскиде жолтандабас кемпирди үч жолу тебелетип кетти. Видео

Интернетте жолтандабас артка берип жатып, аялды тебелетип алганы аз келгенсип, алдыга берип, дагы үстүнөн жүрүп кеткени жазылган видео тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Якутскиге жакын аймакта жолтандабас артка берип жатып, 78 жаштагы кемпирдин үстүнөн үч жолу тебелетип өткөн. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

Аталган аймактын жол коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясынын башкы башкармалыгынан кырсыктан улам пенсионердин бели сынып кеткендигин билдирди.

Шаршемби күнү интернетте жолтандабас артка берип жатып, аялды тебелетип алганы аз келгенсип, алдыга берип, дагы үстүнөн жүрүп кеткени жазылган видео тараган.

"11-апрелде күндүз Якутияга жакын Намск районунда милицияга ооруканадан 78 жаштагы кемпир кайрылып, аны жол боюнда автоунаа тебелеп кеткендигин айткан. Жолтандабас кырсыктан кийин кетип калгандыгын билдирген", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлер карап чыгып, кемпирдин бели сынып кеткендигин аныкташкан.

Бишкекте аялдамада турган аялды унаа сүзүп мерт болду. Видео
Милициядан аталган видео байкоо жүргүзгөн камерадан алынгандыгын айтышкан. Инспекторлор издөө жүргүзүп, Toyota Harrier автоунаасынын 68 жаштагы айдоочусун тапкан. Иликтей келгенде ал соо болуп чыкты.

Сурак учурунда айдоочу артка айдап, дөңгөлөктүн түз эмес жерди тебелеп алгандыгын, "оң жактагы күзгүнү гана карадым эле, аны суу кар деп ойлоп алдым" деген актанган.

Ишти милиция тергөө органдарына өткөрүп берди.

Буга чейин кечээ, 11-апрелде, Бишкекте да жөө адамды Lexus RX300 унаасы менен коюп кетип өлтүрүп алды деген шек менен 66 жаштагы аял кармалды.