"Титаниктин" жүргүнчүсү жазган кат аукционго коюлду

Каттын алгачкы баасы 30 миң доллар деп бааланып жатат
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. "Титаник" кемесинде жазылган кат аукциондо сатыла турганын "Моя Планета" басылмасы жазды.

Экинчи класстагы жүргүнчү Кейт Басс жазган катта кеме жаңы эле жолго чыкканы айтылып, 1912-жылдын 10-апрели деген дата коюлган.

Кейт кеменин ичиндеги жашоо тууралуу жазган кат буга чейин Басстардын үй-бүлөсүндө сакталып келген.

"Биринчи класстагы каюталар чындап эле көз жоосун алат экен. Менин каютадагы коңшум келе элек. Андыктан бүгүн түшкү тамагымды эки чиркөө кызматкери менен бөлүштүм. Катты бүгүн эле жөнөтүп коем. Анткени эртең деңиз оорусу жабышса, дарманым жетпей калышы мүмкүн", — деп жазылган катта.

Кырсыктан аман калган Кейт 1972-жылы 96 жашында көз жумган.

Каттын алгачкы баасы 30 миң доллар деп бааланып жатат. Былтыр дагы бир аукциондо "Титаникте" каза болгон адамдын каты 166 миң долларга сатылып кеткен.