Сооронбай Жээнбеков Федерика Могерини менен жолукту. Ортодо эмне кеп болду

Президент Жээнбеков Бельгияга жумушчу сапары менен келген
Sputnik

БИШКЕК, 12 апр — Sputnik. КР президенти Сооронбай Жээнбеков Евробиримдиктен чет элдик иштер жана коопсуздук саясатынын жогорку төрагасы жана Еврокомиссиянын вице-президенти Федерика Могерини менен жолукту. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жээнбеков менен Могерини Кыргызстан менен Евробиримдиктин эки тараптуу мамилесин чыңдоого багытталган кызматташуу жөнүндөгү жаңы келишим боюнча сүйлөшүүлөрдө алдыга жылуу бар экенин белгилешти. Алар ошондой эле өлкөдөгү акыркы саясий окуялар жана Орто Азия мамлекеттери менен болгон өз ара мамиле тууралуу пикир алышты.

"Президент Евробиримдиктин жогорку төрагасын өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымдар кылды. Могерини Евробиримдик Кыргызстандын бийлигин демократияны чыңдоодо, адискөйлүктү жана көз карандысыз сот ситемасын көтөрүүдө колдой турганын дагы бир жолу баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Сүрү күчтүү лайнер, бүркөлгөн күн. Жээнбековду Бельгия кантип тосуп алды
Тараптар демократиянын, адам укуктарынын жана эркиндиктин принциптерин, анын ичинде басма сөз эркиндиги болушу керектигин белгилешти.

Могерини буга чейин Жээнбеков менен 2017-жылы Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында жолугушкан.

Жээнбеков Бельгияга болгон иш сапарынын алкагында Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер менен да жолугат.