Биз террорчулукка каршыбыз! Кара-Сууда окуучулар жөө жүрүшкө чыгышты

Кара-Суу районунун аймагынан Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн 242 жаран кеткен
Sputnik

ОШ, 12-апр. – Sputnik. Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндө "Биз терроризмге каршыбыз!" урааны астында акция өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Замирбек Тургунбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, иш-чара УКМКнын Кара-Суу райондук бөлүмү тарабынан "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында ишке ашырылды.

1 / 3
Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүндө "Биз терроризмге каршыбыз!" урааны астында акция өткөрүлдү
2 / 3
Иш-чара УКМКнын Кара-Суу райондук бөлүмү тарабынан "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында ишке ашырылды
3 / 3
Иш-чара учурунда айыл өкмөттөгү орто мектептердин миңге жакын окуучусу "Биз терроризмге каршыбыз", "Экстремизм жана терроризм – бул ислам эмес", "Биз түрдүү диний терс агымдарга азгырылбайбыз" аталышындагы ураандар менен айыл өкмөттүн аймагында жөө жүрүш жасашты.

Иш-чара учурунда айыл өкмөттөгү орто мектептердин миңге жакын окуучусу "Биз терроризмге каршыбыз", "Экстремизм жана терроризм – бул ислам эмес", "Биз түрдүү диний терс агымдарга азгырылбайбыз" аталышындагы ураандар менен айыл өкмөттүн аймагында жөө жүрүш жасашты.

Акциянын алкагында райондук милиция кызматкерлери менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү терс диний агымдар тууралуу маалымат берип, түшүндүрүү иштери жүргүзүштү.

"Кара-Суу районунун аймагынан Сириядагы согуштук аракеттерге катышуу үчүн 242 жаран кеткен. Алардын 48ин жаш өспүрүмдөр түзөт. 27 жаран кайра кайтып келген. 16 жаран соттун чечими менен эркинен ажыратылды. Башкача айтканда, өлкө аймагынан Сирияга кеткен жарандардын саны боюнча Кара-Суу району биринчи орунда турат", — деди райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизге жана террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Руслан Омошев.

Ал ошондой эле учурда район аймагында "Хизб ут-Тахрир" уюму менен "Йакын Инкар" диний экстремисттик уюму коркунуч жаратып жаткандыгын кошумчалады.

Сарай айыл өкмөтүндөгү 4657 кожолукта 22 270 киши жашайт.