Исаков "Акылдуу шаардын" алгачкы "жемиши" үчүн кечирим сурады

Буга чейин "Акылдуу шаар" долбоорун Huawei компаниясы ишке ашырары белгилүү болгон. Бирок кытай компаниясы өз милдетин аткарбай койгондуктан алар менен келишим үзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Өкмөт башчы "Акылдуу шаар" долбоорун көрсөтүп жатканда кызык окуя болду.

Анда премьер система тесттик режимде иштерин айтып, унаалардын жана жол эрежесин бузгандардын саны кандай көзөмөлдөнөрүн көрсөтүп жаткан.

Презентация учурунда система азыркы убакытты көрсөтүп турган.

Бишкектин көчөлөрүнө коюлган "акылдуу" камералардын көрүнүшү. Сүрөт
Саат 17:09да камера жол эрежесин бузуу фактысын каттады. Система дароо эреже бузган аялдын аты-жөнүн аныктап, себебин да жазып койду. Исаков ал аялдан аты-жөнү белгилүү болуп калгандыгы үчүн кечирим сурап, анын почтасына айып келерин түшүндүрдү.

Эске салсак, буга чейин "Акылдуу шаар" долбоорун Huawei компаниясы ишке ашырары белгилүү болгон. Бирок кытай компаниясы өз милдетин аткарбай койгондуктан алар менен келишим үзүлгөн.