БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Биз Болот Ибрагимов сыяктуу активисттердин арты менен түзөлүп жатабыз. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков "Таза коом" долбоорун ишке ашыруудагы алдын ала жыйынтыктар тууралуу презентация учурунда билдирди.
Исаков бийликке сын айтып турган ЖМК жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирип өттү.
"ЖМК менен бейөкмөт уюмдарына кайрылгым келет. Силер бизди сындап туура кыласыңар. Мындан ары дагы критика айтып тургула. Бүгүн биз ЖКККББ тууралуу сүйлөштүк. Баса, бул сөздү (ЖКККББ) мага жаш активист Болот Ибрагимов үйрөттү. Болот Ибрагимовдой жигиттер да биздин өлкөгө керек. Анткени алар мамлекеттик органдардын көңүлүн көйгөйлөргө буруп турат. Бардык нерсени туура жасаш керек. Сиздерге чоң рахмат!" — деди премьер.
Мамлекеттик авто инспекция (МАИ) 2008-жылга чейин иштеген. Ал эми 2017-жылдын аягында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) болуп өзгөргөн.