Депутат Бишкектин жанына жаңы шаар курууну сунуштады

Эл өкүлү жаңы шаарды куруу долбоорунда Москванын үлгүсүн колдонсо болот
Sputnik

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Депутат Азизбек Турсунбаев Бишкектин жанына жаңы шаар куруу долбоорун кайрадан карап чыгуу керектигин Жогорку Кеңештин жыйынында түрдүү маселелер каралып жаткан учурда билдирди.

Анын айтымында, учурда Бишкек шаарында бир миллиондон ашык киши жашайт. Андыктан алардын талабын канааттандыруу керек.

Депутат эгер жаңы шаар куруу долбоорун мамлекет өзү ишке ашыра албаса, жеке ишкерлерди тартуу керектигин кошумчалады.

"Бишкектин жанына жаңы шаар куруу долбоорун кайра карап чыгуу керек. Аны ишке ашырууга мамлекеттин акчасы жок болсо жеке ишкерлерди тартуу зарыл. Бишкекте курулуш компаниялары көп, алар менен сүйлөшүп долбоорду ишке ашырсак болот", — деди ал.

Бишкектин үч жерине коюлган видеокамералар эртеңден баштап ишке кирет
Ошондой эле эл өкүлү аталган долбоорду ишке ашырууда Москванын үлгүсүн колдонсо болорун белгиледи.

"Москва шаарынан үлгү алсак болот. Подмосковье деп бөлүп, ал жакка мамлекеттик кызматтарды, имараттарды көчүргөн. Ошондой эле жол тыгын маселеси да чечилген", — деди депутат.

Турсунбаев өз сөзүндө Бишкек шаарына курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдө дагы бир топ маселелер бар экенин белгиледи. Айрым көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарына суу, газ жетпей жатканын кошумчалады.