Радио

Турсунбаев: Бишкектин жанына жаңы шаар курууга жеке ишкерлерди тартсак болот

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Азизбек Турсунбаев учурда Бишкек шаарында бир миллиондон ашык киши жашай тургандыгын айтты
Sputnik
Турсунбаев: Бишкектин жанына жаңы шаар курууга жеке ишкерлерди тартсак болот

Бишкектин жанына жаңы шаар курууга жеке ишкерлерди тартсак болот. Бул тууралуу депутат Азизбек Турсунбаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган сунуштун алкагында талкууларды уюштуруп баштоо зарыл.

"Акыркы убактарда Бишкек шаарында көптөгөн имараттар курулуп жатат. Тилекке каршы шаардын инфраструктурасы буга ылайыкташкан эмес. Азыр эле газ, суу жеткирүүдө көйгөй жаралууда. Келечекте мындай көйгөйлөр көбөйүшү мүмкүн. Андыктан Бишкектин жанына жаңы шаар куруу керек", — деди Турсунбаев.

Ал учурда Бишкек шаарында бир миллиондон ашык киши жашай тургандыгын айтып, андыктан алардын талабын канааттандыруу керектигин кошумчалады.