БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Профикс-Юг" жеке ишканасында жарылуу болуп, бир киши каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Куткаруучулардын айтымында, окуя 11-апрелде болгон. Комиссия жарылуу эмнеден улам чыкканын тактоодо.
Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы жигит каза болуп, 28 жаштагы дагы бир киши жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Бардык материалдар шаардык ШИИБге берилди.