БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Премьер Сапар Исаков 11-апрелде КСДП фракциясына өкмөттүн 2017-жылы жасаган иштери боюнча отчет берип жатып, Бишкекке коюлган "акылдуу" камералар 12-апрелден тарта жол эрежесин бузгандарды каттап, бир ай сынамык режимде иштеп баштарын айткан.
Исаковдун айтымында, камералар Фрунзе — Ибраимов, Байтик баатыр — Горький, Байтик баатыр — Ахунбаев жана Байтик баатыр — Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине коюлган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти шаарга канча камера коюлганын жана алар кайсы жакты карап турарын текшерип көрдү.
Фрунзе менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши:
Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабына эки камера коюлуп, жол кыймылынын түндүк жана түштүк багытына каратылып коюлган.
Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши:
Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк жана түштүк багыттарына каратылган.
Аталган жолдун кесилишине төрт камера коюлуп, алардын бардыгы тең бири-бирин карап турат. Андан сырткары, жол чырактардын алдына бүгүн камера коюлганы боюнча белгилер орнотулууда.
Байтик баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши:
Бул аймакта дагы эки гана камера коюлган. Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк жана түштүк багыттарына каратылган.
Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков Байтик баатыр менен Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине да камера орнотулганын айткан. Бирок жеринен барып текшере келгенде камералар коюлбаганы белгилүү болду.