Бала бакчалар электрондук тейлөө системасына өтүүдө. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, программа өкмөттүн "40 кадам" улуттук өнүктүрүү долбоорунун алкагында жүрүүдө.
"Учурда сынамык мретинде Бишкек шаарынан баштадык. Ата-энелер http://balabakcha.edu.gov.kg сайты аркылуу кезек мөөнөтүн өздөрү көзөмөлдөп турса болот. Эми мурдагыдай акча берип кезегин жылдырып коюу аракеттери болбойт. 2020-жылга чейин электрондук тейлөөгө өлкө аймагындагы бардык бала бакчалар өтөт", — деди Жусупбекова.
Ал жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчалар кайрадан мамлекетке кайтарылып жатканын кошумчалады.