Ханзада Ага-Хан Кыргызстандын тоолуу аймагына бала бакча куруу ниетинде

Президент Сооронбай Жээнбеков Ага-Хандын долбоорлорунун Кыргызстанда ишке ашуусу маанилүү экенин белгиледи
Sputnik

БРЮССЕЛЬ, 12-апр. — Sputnik. Ханзада Карим Ага-Хан президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда Кыргызстандын тоолуу аймактарына бала бакчаларды куруу боюнча планы бар экенин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сүрү күчтүү лайнер, бүркөлгөн күн. Жээнбековду Бельгия кантип тосуп алды
Жолугушуу Жээнбековдун Бельгиядагы Евробиримдиктин институтуна болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Мамлекет башчы Ага-Хан фондусу тарабынан билим берүү, саламаттык сактоо, айыл чарба, кичи жана ири бизнес, банк секторлору сыяктуу тармактарга көңүл бурулуп, бир катар долбоорлордун аткарылышына ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле Нарындагы Борбор Азия университети менен Оштогу Ага-Хандын мектептери ийгиликтүү иштеп жатканын белгилеп өттү.

"Тоолуу аймактар менен жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго көз карашыбыз түз. Бул өтө чоң колдоо", — деди Жээнбеков.

Ал эми Ага-Хан фонд тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду колдоп жаткан Кыргызстандын бийлигине ыраазычылык билдирди.

Ханзада мындан ары да кызматташууга даяр экенин жана башталган долбоорлор аягына чыгарын кошумчалады.